- MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi
- Vol: 5 Issue: 1
- КАЗАХСТАНДЫН ЭКСПОРТ, ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШ, ИМПОРТ, ВАЛЮТА КУРСТАРЫ ЖАНА БЮДЖЕТ ДЕФИЦИТИНИН БАЙЛАНЫШЫНЫ...
КАЗАХСТАНДЫН ЭКСПОРТ, ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШ, ИМПОРТ, ВАЛЮТА КУРСТАРЫ ЖАНА БЮДЖЕТ ДЕФИЦИТИНИН БАЙЛАНЫШЫНЫН VAR-АНАЛИЗИ
Authors : Adem Aktash
Pages : 229-237
View : 10 | Download : 3
Publication Date : 2016-01-01
Article Type : Other
Abstract :Бул иштин максаты, Казакстандын экспорт, импорт, экономикалык өсүш, түз чет өлкө инвестициялары, акча базасы, валюта курстары жана мамлекеттик бюджеттин дефицити ортосунда себептүүлүк байланышын аныктоо үчүн VAR моделин (вектордук авторегрессия модели) түзүп, эконометрикалык ыкмалар жардамында анализдер жүргүзүп жыйынтык чыгаруу. Анализде колдонулган убакыт катарлары Казакстандын улуттук экономика Министрлигинин статистикалык комитетинен жана Улуттук банкынын интернет сайтынан алынган. 2005:1 – 2014:3 периоду аралыгындагы кварталдык берилиштер колдонулду. Анализде колдонулган өзгөрмөлөрдүн баары 2005- жыл=100 базалык болуп алынды, колдонулган өзгөрмөлөрдүн туруктуулугун текшерүү үчүн Кеңейтилген Дики–Фуллер (Augmented Dickey-Fuller) тести жасалды. Изилдөөнүн жыйынтыгында, кыска мөөнөт аралыгында Казакстандын экономикалык өсүшүндөгү (ИДП) өзгөрүүнүн басымдуу бөлүгү экспортко байланыштуу экени аныкталды. Ал эми экспорттун өзгөрүшү тенгенин рублге карата баасына, башкача айтканда валюта курсуна байланыштуу экени тастыкталды.Keywords : экономикалык өсүш, экспорт, импорт, валюта курсу, VAR анализи, бюджет дефицити