- MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi
- Vol: 4 Issue: 3
- ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН ПОВЕСТТЕРИНДЕГИ ТРАГЕДИЯЛУУЛУК: «БЕТМЕ-БЕТ», «ГҮЛСАРАТ», "АК КЕМЕ" ПОВЕ...
ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН ПОВЕСТТЕРИНДЕГИ ТРАГЕДИЯЛУУЛУК: «БЕТМЕ-БЕТ», «ГҮЛСАРАТ», "АК КЕМЕ" ПОВЕСТТЕРИНИН НЕГИЗИНДЕ
Authors : G. Stanaliyeva
Pages : 144-166
View : 13 | Download : 4
Publication Date : 2015-07-01
Article Type : Research
Abstract :Чынгыз Айтматов XX кылымдагы социалдык катаклизмдерди, согуштун каарын, социалдык турмуштагы катаал чындыкты көркөм аңдоого умтулган, философиялык, нравалыкэтикалык, экологиялык глобалдык маселелерди кабыргасынан койгон дүйнөлүк жазуучулардын бири. Анын чыгармаларынын негизинде аалам жана адам, адам жана табигат, жеке адамдын тагдыры жана идеология өңдүү маселелер камтылып, ал маселелер тарыхтын жана адам тагдырынын трагедиялуу учурлары аркылуу көркөм иликтөөгө алынат. Андыктан трагедия Айтматовдун чыгармаларынын негизги чордонунда турат деп айтсак жаңылбайбыз. Мунун өзү Айтматовдун чыгармасындагы трагедиялуулук кандай өңүттөн көрүнөт, кандай пафоско ээ деген суроону жаратпай койбойт. Бул суроого биз жазуучунун үч повестинен жооп издөөнү максат кылабыз. Алар: "Бетме-бет”(1957), "Гүлсарат”(1966), "Ак кеме”(1970) повесттери. Аталган повесттер кыргыз адабиятынын өнүгүү мезгилине туш келген учурда жаралган чыгармалар. Экинчи жагынан, бул үч повесть тең нагыз кыргыз дүйнөсүнүн, жашоо-турмушунун трагедиялуу кырларын чагылдырганы менен кызыгууну туудурат. Үчүнчүдөн, бул чыгармалардагы улуттук жашоо-турмуштун кырлары жалпы адамзаттык көйгөйлөрдү көтөрөт. Булардан тышкары үч повестте тең трагедиялуулуктун мүнөздүү белгилери болгон – трагедиялык кырдаал-шарт, трагедиялык күнөө, трагедиялык конфликт, трагедиялык каармандардын тагдыр-турмушу орун алган. Ч.Айтматовдун чыгармаларында трагедиялуулуктун экспликациясы үчүн изилдөөдө тарыхый-филологиялык, о.э. контекстуалдык жана герменевтикалык анализ колдонулду.Keywords : трагедия, трагедиялуулук, трагедиялык кырдаал-шарт, трагедиялык күнөө, трагедиялык конфликт, трагедиялык каарман