- Uluslararası Medeniyet Çalışmaları Dergisi
- Cilt: 9 Sayı: 1
- Кыргыз киносунда каармандын саякаты: “Дарак ыры” фильминин анализи...
Кыргыз киносунда каармандын саякаты: “Дарак ыры” фильминин анализи
Authors : Zhamila Abdymalikova, Mehmet Sezai Türk
Pages : 20-34
Doi:10.58648/inciss.1390045
View : 40 | Download : 19
Publication Date : 2024-05-29
Article Type : Research
Abstract :Мифтер – алар таандык болгон элдин дүйнө таанымын, ишенимин, маданиятын муундан-муунга өткөрүп берүүчү баяндар. Бүгүнкү күндө миф сөзү, көп учурда күнүмдүк жашоодо “чындыкка жатпаган” деген мааниде колдонулса да, кадимки мифтердин издерин адамдын жашоосунун бүт катмарларында көрүүгө болот. Искусствонун башка багыттарындагыдай эле, мифтер кинематографияга да өз жолун тапкан. Анын үстүнө, кинематогафияда, мифтердин сюжеттерин, символдорунан сырткары, анын структурасы да ишке жарап келет. Джозеф Кэмпбеллдин “Каармандын саякаты” - Мономиф теориясы, мифтердин структуралык калыптарын кинематографияда баяндоо каражаты катары колдонуу үчүн алгачкы кадамдарды шарттаган. Ал эми Кристофер Воглер болсо Кэмпбеллдин Мономиф концептин колдонуу менен 12 баскычтуу “Каармандын саякатын” иштеп чыгып, мифологиялык структураларды сценарий жазууда колдонууну дагы да жөнөкөйлөштүргөн. Бул изилдөөнүн максаты, Кыргыз Республикасында эгемендүүлүк жылдарында тартылган “Дарак ыры” көркөм тасмасы Воглердин “Каармандын саякаты” схемасына ылайык анализдөө болуп саналат. Фильмдин баш каарманы Эсендин басып өткөн жолу, Воглердин “Каармандын саякаты” схемасына салынып талданды жана анын жыйынтыгында, Воглер сунуштаган 12 баскычтын бардыгы фильмде орун алгандыгы аныкталды. Белгилей кете турган жагдай, тасмада “Каармандын саякатынын” баскычтары Воглер сунуштаган схеманын ыраатуулугунан башкача болуп түзүлгөн. Бул изилдөө кыргыз киносунда салттуу жашоо образын чагылдыруу аракети менен биргеликте дүйнөлүк кинематографияда кеңири колдонулган мифтик структуралар камтылгандыгы жана кыргыз кино режиссерлору глобалдык баяндоо структуралары менен жакшы тааныш экенин далилдейт.Keywords : Миф, каармандын саякаты, кинематограф, Дарак ыры